АЙРЫЛ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015айыр этишинин туюк мамилеси. Искендерден айрылып не муратка жетебиз! (Турусбеков). Баш айрылса – бөрк алды, Колубуз сынса – жең ичи («Мендирман»). Сарала чапандын бир жеңи батып, бир жеңи колтугунан ылдый дар этип айрылып түштү (Касымбеков).